Бөйрөктүн таш оорусу

Википедия дан

Бөйрөктүн таш оорусу (nephrolithiasis) - бөйрөктүн ички көңдө-йүндө же тканында зааранын составдын бөлүктөрүнөн келип чыккан ташы бар өнөкөт оору.

Бөйрөктүн таш оорусунун белгилери Гиппократ, Галенге, персия жана араб врачтарына дайын болгон. Таш органикалык эмес жана органикалык (оксалат, урат, фосфат, карбонат, ксантин ж. б. ) туздардай турат. Бул оору балдардан картайган адамдарга чейин жолугат. Оорунун негизги себептери: зааранын тоскоолдукка учурап кармалышы, анын хим. составынын өзгөрүлүшү, бөйрөктүн сезгениши, канда кальций, фосфор туздарынын көбөйүшү, ички секреция бездеринин аткарган кызматынын бузулушу ж. б. Бөйрөктүн таш оорусунда бел жана бөйрөктүн тушу катуу ооруйт, заара өзгөрөт, дене ысыйт, оору киши кусуп, бат-бат заара кылат. Дарылоо таштын чоңдугуна, анын орун алышына жана кабылдоосуна карата дары менен же операция жолу аркылуу жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.