Гиппократ

Википедия дан
Гиппократ

Гиппократ (б. з. ч. 460, Кос. – б. з. ч. 377) – байыркы грек дарыгери.

Медициналык билимди атасы Гераклидден алган. Гиппократтын энеси Фенарета боюнда бар аялдарга жардам берген, колу эмсек киши болгон. Гиппократ Греция, Кичи Азия, Ливия, Кара деңизде жана скифтер арасында болуп Азия жана Египет элдик медицинасы менен таанышкан.

Анын б.з.ч. чыгармалары 59 эмгектен турат. Гиппократтын эң негизги эмгеги өз заманындагы медицинаны динчилердин таасиринен куткарып, анын чыныгы илим катары өсүшүнүн жол ачышы. Гиппократ оорулууну дарылаганда организмин өзгөчөлүгү менен тышкы чөйрөнүн шартын эске алууну сунуш кылган.

Адамдын ооруга чалдыгышын кудайдын буйругу деп эсептеген дин агымын четке кагып, оорулардын пайда болуу жолун аныктаган. Ошону менен бирге жакшы хирург да болгон. Ал жараны таңуу, чыккан жана сынган жерди дарылоо ыкмасын тапкан. «Гиппократ анты» деп аталган дарыгерлердин антын жазган. Гиппократты «Медицинанын атасы» деп аташат

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

А.К.Койлубаева, В.И.Мусаева, А.К.Койлубаева, А.А.Анапияева

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8