Эмгек

Википедия дан
Эмгек, Сүрөт Форда Мэдокса Брауна

Эмгек – жаратылыш менен адамдын ортосундагы процесс. Жаратылышты адам өзгөртөт жана өзүн дагы өзгөртүүгө жөндөмдүү. Адамдар керектөөлөрдүн канааттандыруу үчүн көп аракеттерди жасашат. Эмгек үч учурду ичине камтыйт. 1) адамдын максаттуу ишмердүүлүгүн жана өзүн; 2) Эмгектин предметин; 3) өндүрүш куралын.

Эмгектин натыйжасында адам башка жаныбарлардан бийик турат. Эмгектенүү менен адамдар турмушун оңдой алышат. Бирок Эмгек адамдардын бардыгына эле туура келбейт, Мисалы, кул ээлөөчүлүк мезгилинде кулдар гана эмгектенишкен, крепостнойлук мезгилде, феодализм убагында төмөнкү класстагы адамдар иштешкен.

Медицина көз карашы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адамдын максаттуу аракетинин натыйжасында киши табиятты өзгөртүп, жашоо үчүн зарыл болгон шарттарды түзөт.

Эмгек адамды жараткан жана анын жардамы менен адам баласы бардык жыргалчылыкты түзгөн. Ал акыл эмгеги жана күч эмгеги болуп бөлүнөт.

Техникалык прогресс оор жана ден соолукка зыян жумуштарды механикалаштыруу жана автоматташтыруу эмгек шартын жакшыртууга, кесиптик зыяндуулуктун азайышына, кесип оорусу менен өндүрүштө кырсыкка чалдыгуунун төмөндөшүнө алып келет.

Бирок күч эмгегинин өтө азайышы кишинин ден соолугуна терс таасирин тийгизет.

Акыл эмгеги менен күч эмгегин туура айкалыштыруу, дайыма машыгуу жана Эмгек менен эс алууну туура уюштуруу ишке жөндөмдүүлүктү көп жылдарга сактоого мүмкүндүк берет. Мында Эмгек адамга кубаныч жана моралдык канааттануу алып келүүгө тийиш. Кызыгып иштөө ишке жөндөмдүүлүктү арттырат. Эмгек тартиптүүлүктү, турмуштун белгилүү ритмин түзөт, ошондой эле ден соолуктун жана сергектиктин булагы. Эмгектин көнүмүш ыргагы бузулганда көп учурда ишке жөндөмдүүлүк жана эмгек өндүрүмдүүлүк төмөндөйт. Ишке жөндөмдүүлүктүн жогору болушу иштин ыргагына негизделген. Иштин ыргагы бир калыпта болуп, максатка жана организмдин физиологиялык мүмкүнчүлүгүнө ылайык туура тандалууга тийиш. Бир күндүн, жуманын, айдын ичинде иштин бирдей эмес бөлүштүрүлүшү ишке жөндөмдүүлүктү төмөндөтөт, жыйнаксыздыкка, бат чарчоого дуушарлантат. Гигиеналык шарттар (жарык, желдетүү, ыңгайлуу иш орду, денени туура кармоо) ишке жөндөмдүүлүктү жогорулатууга көмөк болот. Ошондой эле эмгек коллективиндеги жагымдуу микроклимат чоң мааниге ээ[1].

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Саясат таануу (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-11-9
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
  1. Эмне үчүн кыйын издөө ишке зрелом курактагы?