Бөйү
Көрүнүш
Бөйү – карышкыр жөргөмүштөр тукумуна кирген бир нече жөргөмүштөрдүн жалпы аталышы. Дене узундугу 3,5 смге чейин жетет. Терең уюкта (60 смге чейин) жашайт; түнкүсүн курт-кумурскалар менен азыктануу үчүн чыгат. Бардык Б. уулуу, бирок адамга коркунучсузундугу Чөлдө, жарым чөлдө жана токойлуу-талаада кездешет. Ургаачысы жумурткасын желе торуна тууп, аны кайтарат. Жумурткадан чыккан жаш Б. белгилүү убакытка чейин ургаачысынын жонунда жабышып отурат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4