Бөкөй хандыгы

Википедия дан

Бөкөй хандыгы, Бөкөй ордосу, Ички ордо - Урал менен Волга дарыялардын аралыгына Кичи жүздөн көчүп барган 5 миң казактан 1801-ж. түзүлгөн казак хандыгы.

1812-ж. падыша өкмөтү хан кылып дайындаган султан Бөкөй Нуралиевдин ысымынан аталган. Бөкөй хандыгынын калкы көбөйүп отуруп, 1845-ж. 20 миң түтүнгө жеткен. Бөкөй өлгөндөн кийин (1815) анын бир тууганы Шыгай (1823), кийин Бекендин уулу Жангер бийлик кылган. Феодалдык жана колониялдык эзүүгө чыдабай казак дыйкандары көтөрүлүш (1836-37) чыгарган, аны падыша аскерлери ырайымсыз баскан. 1845-ж. Жангер өлгөндөн кийин хандык бийлик жоюлуп, башкаруу орус чиновниктери башында турган "Ички ордону башкаруу боюнча убактылуу советке" берилген. 1876-ж. Бөкөй хандыгы Астрахань губерниясына кошулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.