Бөкөнбаев Мамыркожо

Википедия дан

Бөкөнбаев Мамыркожо (29. 2. 1936-ж. туулган, Суусамыр өрөөнү, Кожомкул кыштагы) - улуттук спорт боюнча эмгек сиңирген машыктыруучу, эмгек каарманы.

  • Эмгек жолун 1957-ж. «Рассвет» колхозунда чабан болуп баштаган.
  • Ушул кесипте 1997-жылга чейин 47 жыл эмгектенген.
  • Учурда жеке менчик «Бай-Тилек» дыйкан чарбасын жетектеп келет.
  • Чарбада койчу болуп иштеп жүргөндө үч жолу Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланган (1975-85), 1991-95-жылдары Кыргыз Республикасынын борбордук шайлоо комиссиясына мүчө болгон.
  • «Ардак Белгиси» (1973), Октябрь Революциясы (1976), Ленин (1982), Эмгек Кызыл Туу (1991) ордендери, СССРдин Эл чарбачылыгында жетишкендиги үчүн «Коло медалы» (1968), Лениндин 100 жылдыгы юбилейлик (1970), «Эмгек ардагери» (1987) жана 2006-ж. «Даңк» медалдары менен сыйланган.
  • Ардак грамоталарга да татыктуу болгон.
  • Ал улуттук көк-бөрү оюнунун өнүгүшүнө чоң салым кошуп, «Рассвет» командасын уулу Индусбек Бөкөнбаев экөө уюштуруп, аларды машыктырып оюндун жайылышына зор эмгек кылган.
  • Алгачкы «Нооруз-97» турниринде «Рассвет» командасы 1-орунду жеңип алган.
  • Бул команда азыр да милдештерге ийгиликтүү катышып турат.
  • Чал уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9