Бөлүштүрүү хроматографиясы

Википедия дан

Бөлүштүрүү хроматографиясы – суюктук хроматографиянын бир түрү. Ал хроматографиянын башка түрлөрүнөн кыймылсыз фазанын агрегаттык абалы б-ча гана айырмаланат. Мында суюктук-суюктук кыймылсыз фаза колдонулат. Бөлүштүрүүчү суюктук хроматография зат катуу сорбентке жайгашкан бири-бири менен аралашпаган суюк кыймылдуу жана кыймылсыз фазалар ортосунда ар кандай бөлүнүүсүнө негизделген. Көпчүлүк учурда кыймылсыз фаза катары b1b1 - оксидипропионитрил, триметиленгиколь, мол. массасы 200. 20000 чейин болгон полиэтиленгликоль жана полиметил - b - цианэтилсилоксан (цианэтилсиликон) колдонулат. Кыймылдуу фаза катары бөлүнүүчү заттар кармоо убакытына жараша хлороформ же диоксан кошулган углеводород колдонулат. Эгерде адсорбенттин бетине ири мол-луу каныккан углеводород жиберилсе, анда кыймылдуу фаза катары суу-спирттик жана суу-ацетондук аралашма колдонулат, к.Суюктук хроматография.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]