Бөлүүчү бөрк

Википедия дан

Бөлүүчү бөрк - станокто иштетилүүчү тетикти мезгил-мезгили менен айлана боюнча буруп турууга арналган жасалга.

Көбүнчө фрезалык станоктордо пайдаланылат. Бөлүүчү бөрктүн мех. (жөнөкөй, универсал) жана оптикалык түрлөрү бар. Универсал Бөлүүчү бөрк көбүрөөк таралган. Оптикалык Бөлүүчү бөркөтө так иштетүү үчүн, ал эми универсал Бөлүүчү бөрк механикалык иштетүү өндүрүшүндө бөлүү же бурама кобул жасоо үчүн колдонулат. Бөлүүнүн жөнөкөй жана дифференциалдык ыкмалары бар. Бөлүүчү бөрктүн жардамы менен өндүрүштө ар кандай тетиктердин (тиштүү дөңгөлөктөрдүн, шлицтүү валдын, бургунун, фрезанын ж. б. ) түз, бурама огоктары жасалат. Тетикти айландыруу -, үчүн Бөлүүчү бөртүн шпиндели туткасынан кол менен буралат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.