Бөрк

Википедия дан

Бөрк, бөрүк — түрк тилдеринин басымдуу көпчүлүгүндө, ошондой эле кыргыз тилинде да баш кийим. Б. Махмуд Кашкаринин эмгегинде да кездешет. Азыр кыргыз тилинде активдүү колдонулбайт. Тек гана макал-ылакаптарда айтылып калган: «Бөрк ал десе, баш алган». Б. Манас эпосунун бардык варианттарында учурайт, кээ бир варианттарда өңү-түсү ажыратылат: кызыл бөрк. кара бөрк жана башкалар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN 5-89750-013-4