Бөрүбай

Википедия дан

Бөрүбай Султан уулу (1897, Кара-Суу району, Сакмоол айылы — 1940, ошол эле жер) — манасчы. «Манас» айтууну түштүктөгү белгилүү манасчы Чоодандан жана өзүнүн айылынан алыс эмес жашаган өзгөндүк айтуучулардан үйрөнгөн. Өзүн дасыккан (профессионал) манасчы катары эсептебесе да, 17 жашынан тартып Манас эпосун өз айылында, башка жерлерде айта баштаган. Андан «Манастын балалык чагы», «Накылайга үйлөнүшү» жөнүндө чакан эпизоддор жазып алынган (Кол жазмалар фондусу, 612а-инв.).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN 5-89750-013-4