Бөрүкөз

Википедия дан

Бөрүкөз"Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери, кытай баатыры, солоондун каны, Эсенкандын баласы. Манаска Бээжинден кетишинин тарыхын баян эткенде Алмамбет Б-дүн атасы менен Азизкан бир тууган экенин, эли-жеринен кеткенче Б., Коңурбай менен каршылашып жүргөнүн эскерет (Саякбай Каралаев, 2. 103—108). Айрым учурларда гана аты аталганы болбосо, Б-дүн эрдиги сүрөттөлгөн эпизод жок. Кытай жеңилип, Манас Чет-Бээжинге кан болгондо Түп-Бээжинге качып барган Коңурбай Карыканга казатта өлгөн кытай баатырларынын катарында Б-дү айтып өтөт (Саякбай Каралаев, 2. 162).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4