ВКП(б)нин Кыргыз Областтык үчүнчү конференциясы

Википедия дан

ВКП(б)нин Кыргыз Областтык үчүнчү конференциясы - 1927-ж. 1—7-мартта Фрунзе шаарында өткөн.

Ага партиянын 2494 мүчөсүнөн жана 2168 мүчөлүгүнө кандидатынан чечүүчү добуш менен 134 делегат, кеңеш берүүчү добуш менен 20 делегат катышкан.

Конференция ВКП(б) Кыргыз обкомунун, обл. текшерүү комиссия­сынын, обл. контроль комиссиясы­нын (ОКК) ж-а Жумушчу-Дыйкан Инспекциясынын (ЖДИ) отчётторун угуп, комсомолдун иши, аялдар арасындагы иш, Кырг-ндын чарб. курулушунун абалы ж-а милдеттери жөнүндөгү маселелерди талкуулап, обл. парт, уюмдун жетекчи органдарын шайла­ган. Анда партия обкомунун отчёттук мезгилиндеги саясий жолу жана уюштуруу иши толук бойдон жактырылып, жүргүзгөн иши канааттандырарлык деп табылган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.