ВКП(б)нин он алтынчы съезди

Википедия дан

ВКП(б)нин он алтынчы съезди - 1930-ж. 26-июндан 13-июлга чейин Москвада өткөн.

Ага партиянын 1 260 874 мүчөсүнөн жана 711 609 мүчөлүгүнө кандидатынан чечүүчү до­буш менен 1268, кеңеш берүүчү добуш менен 891 делегат катышкан. Съезд БКнын саясий жана уюштуруу отчё­тун, Борб. текшерүү комиссиясынын, БККнын, Коминтерндин Аткомундагы ВКП(б) делегациясынын отчётто­рун, о. ж-да беш жылдык пландын орундалышын, колхоз кыймылы жана айыл чарбасын көтөрүү маселелерин, рекон­струкция мезгилиндеги профсоюздардын милдеттерин талкуулап, партия­нын борб. органдарын шайлаган. 15 - съездден 16-съездге чейинки мезгил капит. өлкөлөр үчүн да, СССР үчүн да маанилүү мезгил болгон. Бирок капит. өлкөлөр менен СССРдин абалынын өзгөрүшүндө кескин айырмачылыктар бар эле. СССРдин эл чарбасы айныбай өйдөлөп жатса, капит. өлкөлөрдүн экономикасы кризиске терең баткан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.