Вайнштейн Севьян Израилевич

Википедия дан

Вайнштейн Севьян Израилевич - тарых илимдеринин доктору, профессор, көрүнүктүү тарыхчы-этнограф, археолог, түрколог, чыгыштаануучу. Борбордук Азиянын, Түштүк Сибирдин элдеринин этностук тарыхы, этнографиясы, археологиясы ири адис. Түркологиялык жааттагы эмгектери аркылуу да илим чөйрөсүнө белгилүү. Ал жашаган өмүрүнүн 50 жылын Тувага арнаган. Мурдагы советтик этнография илиминдеги, КМШдагы Тува жана Борбордук Азиянын көчмөндөрү, алардын маданияты боюнча ири адис катары белгилүү. С.И.Вайнштейн 1926-ж. Москва шаарында окумушту-философтун үй бүлөсүндө туулган. Атасы антисоветтик жалган жалаа менен репрессиянын курмандыгы болуп, атылып кеткен. Балалык жана тестиер чагы татаал турмуш, жокчулук, ачарчылык менен байланышта өткөн. 1945-ж. МГУнун тарых факультетине келип кирет. Студенттик мезгилде атактуу окумуштуулар С.П.Толстов ж.б. менен таанышат жана андан билим алат. С.И.Вайнштейн анын этнограф болуп калуусуна С.П.Толстов таасир таасир эткендигин эмгектеринде өзү да эскерген. 1950-ж. университетти аяктагандан соң, Тувага барууну өтүнгөн арызын жазат. Ушул жылдардан тартып анын илимий чыгармачылыгы, өмүрү Тува менен байланышып калган эле. 1950-1955 жж. Тува крайтаануу музейинде, 1955-ж. тартып Тува тили, адабияты жана тарыхы илим-изилдөө институтунда илимий кызматтарда иштеген. 1958-2008 жж. СССР ИАсынын (андан соң, РАН) Этнография институтунда ишин уланткан. 1956-ж. «Тожулук тувалар» темасында илимдин кандидаттык диссертациясын коргогон. Ал эми 1969-ж. болсо «Происхождение и историческая этнография тувинского народа» аттуу темада докторлук диссертациясын коргойт. С.И.Вайнштейндин изилдөөлөрүнүн негизги багыты тувалардын этностук тарыхы, этнографиясына, салттуу маданиятына арналган. Ал Түштүк Сибирди мүлдө кыдырып, тувалар боюнча этнографиялык зор материалдарды жыйнап илимге киргизген. Автордун эмгектери чет тилдерде да жарыяланганы маалым. Анын «Тувинцы-тоджинцы» (Москва, 1961), «История народного искусства Тувы" (Москва, 1974), «Историческая этнография тувинцев" (Москва, 1972), «Мир кочевников центра Азии" (Москва, 1991) сыяктуу фундаменталдуу эмгектери илим үчүн маанилүү басылмалардан жана илимий актуалдуулугу менен айрымаланат. Автордун эмгектери аркылуу енисей кыргыздарынын этностук тарыхын, маданиятын айрым үлгүлөрүн реконструкциялоого болот. С.И.Вайнштейн өзүнүн фундаменталдуу эмгектеринде енисей кыргыздары жана алардын маданияты, тувалардын этногенезиндеги кыргыздардын ролу жөнүндөгү пикирин, көз караштарын айткан.

Негизги эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1. Тувинцы-тоджинцы". - М., 1961

2. История народного искусства Тувы". -М., 1974

3. Историческая этнография тувинцев". -М., 1972

4. Мир кочевников центра Азии". -М., 1991

5. Загадочная Тува. –М., 2008

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015