Вал

Википедия дан

Вал - машина курууда айлануучу тетикке айландыруу моментин берип, аны бир абалда кармап туруучу машина тетиктеринин бири. Ал энергия булагынан же энергияны өзгөртүүчү түзүлүштөн толгоочу моментти өткөрөт, айлануучу тетиктердин таянычы катары кызмат кылат жана подшипникте айланат. Машинанын конструкциясына карата вал толгоочу моментти гана пайда кылбастан, өзүнүн огуна жарыш жана туура багытталган күчтөргө да дуушар болот. Вал конструкциясы боюнча түз, муунактуу, шлицалуу, ал эми туура кесилиш формасына карай көңдөй же жумуру болот. Вал көмүртектүү жана легирленген болоттордон жасалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]