Валенсия (Испания)

Википедия дан
Валенсия.

Валенсия - Испаниянын чыгышындагы шаар. Валенсия автономия облусунун жана провинциянын борбору. Калкы 803,4 миң (2006; шаар айланасы менен 1,7 млн); калкынын саны боюнча өлкөдөгү 3-шаар (Мадрид менен Барселонадан кийин). Жер Ортолук деңиздин Валенсия булуңунун жээгинде, Турия дарыясынын чатында жайгашкан. Ири порт (жылына 40 млн о жүк ташылат). Темир жол түйүнү. Эл аралык аэропорту (жылына 3 млн жүргүнчү ташылат), метрополитен (1988-жылдан) бар. Биздин заманга чейинки 138-жылы римдиктер басып алып, колонияга айландырган. Ушул мезгил шаардын негизделген жылы катары эсептелет. 1238-жылы епископтук ыйгарылган. 1474-жылы алгачкы басмакана иштей баштаган. Готика стилиндеги собор, дарбазалар, «Жибек биржасы» (Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген), король көпүрөсү, сарайлар жана чиркөөлөр (көркөм декорациясы менен), карапа улуттук музейи сакталган. Университеттер, консерватория, институттар, жогорку спорт мектеби, бир нече коллеж, китепкана, музейлер, театрлар бар. Эл аралык (Х. Итурби атындагы, эки жылда бир), улуттук (Х. Рока атындагы) пианисттер конкурстары, жыл сайын мартта «Фальяс де Валенсия» майрамы өткөрүлөт. Ботаникалык бак, зоопарк иштейт. Шаардын экономикасынын негизин тамак-аш өнөр жайы (жашылча-жемиш консервалары жана шире), соода түзөт. Туризм өнүккөн (жылына 1 млн киши). Айыл чарба продуктуларын, ошондой эле кустардык жана зер буюмдарды (желпүүр жана башка) соодалоонун борбору. Текстиль өнөр жайы өнүккөн (16-кылымдан, кымбат баалуу жибек кездемелерди чыгарууга адистешкен). Шаардан 10 км Түндүк-батышта индустриялуу аймак (аянты 40 км2), көптөгөн банктардын офистери, шаарга жакын Санта-Мария монастыры (14-кылым) жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]