Валерий Вакуленко

Википедия дан

Валерий Яковлевич Вакуленко (23.10.1945-жылы туулган, Чүй облусу, Сокулук району, Фрунзе айылы) — адабиятчы, котормочу, филология илимдеринин доктору (1990), проф. (1993).

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сокулук районунун М.В.Фрунзе атындагы айылында 1945-жылдын 23-октябрында туулган. 1963-жылы орто мектепти, 1971-жылы А.Жданов атындагы Ленинград мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. 1964–1967-жж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. Эмгек жолун 1971-жылы «Кыргызстан» басмасында редактор болуп иштөө менен баштаган. Кийин улук редактор, 1977-жылдан «Советская Киргизия» гезитинде адабият жана искусство бөлүмүнүн башчысы, 1983-жылдан улук окутуучу, доцент, 1993-жылдан Орус тили жана адабияты педагогикалык институтунун (азыркы Бишкек гуманитардык университети) адабият теориясы жана тарыхы кафедрасынын профессору болуп иштеп жүрүп, 1979-жылы «20-жылдардагы орус совет адабиятындагы гуманизм көйгөйлөрү» деген темада кандидаттык диссертациясын, 1991-жылы «Детские литературы народов Средней Азии в их связи и взаимодействии с русской литературой» деген темада доктордук диссертациясын жактаган.

1965-жылдан баштап чыгармалары басма сөздөрдө жарыялана баштаган.

Ал К.Акиевдин, С.Сасыкбаевдин, К.Эшмамбетовдун, Ж.Мавляновдун, С.Жетимишевдин, З.Сооронбаеванын, Ш.Садыбакасовдун ж.б. кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын орус тилине которгон. “Лирика 20-х годов,” Лирика 40-х годов”, “Лирика 50-х годов” деген китептерди түзүп, баш сөзүн жазган жана редакциялаган.

1981-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Утверждение социалистического гуманизма в русской советской литературе 20-х годов (1917–1927): Краткий очерк. – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 91 с.

Право на доверие: Литературные заметки. – Ф.: Мектеп, 1975. – 84 с.

Детская литература Киргизии: Очерки. – М.: Дет. лит., 1976. – 128 с.

Современное и вечное: Очерк. Статья. Заметки. – Ф.: Кыргызстан, 1978. – 144 с.

Завтрашние заботы: О детской литературе. Очерки Статьи. Заметки. – Ф.: Адабият, 1985. – 160 с.

Детские литературы народов Средней Азии. – Б.: КРСУ, 1996. – 90 с.

Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сасыкбаев С. Свет под землей: Роман-хроника. – Ф.: Кыргызстан, 1973. – 240 с.

Мавлянов Ж. Повести и рассказы. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 232 с.

Алыкулов Ж. Почему у петуха гребень красный: Сказка для самых маленьких. – Ф.: Кыргызстан, 1976. – 9 с.

Баялинов К. Красное знамя Нарына: Повесть. – Ф.: Мектеп, 1977.

Алыкулов Ж. Волк в мешке: Сказка. – Ф.: Мектеп, 1977. – 12 с.

Акиев К. Пройденный путь: Страницы жизни. – Ф.: Кыргызстан, 1978. – 199 с. (в соавт. с Н.А. Губаревой).

Джапаров К. В горы пришла весна: Повести и рассказы. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 136 с.

Сооронбаева 3. Осенние цветы: Рассказы, повести. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 192 с. (в соавт. с Н.А.Губаревой).

Алыкулов Ж. Почему у петуха гребень красный: Сказка для самых маленьких. Ф.: Мектеп, 1980. – 12 с.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]