Валуа

Википедия дан

Валуа — Франциядагы королдор династиясы (1328-1589), Капетингдердин бир бутагы. Валуа графтыгынын атынан аталган. Негиз салуучусу француз королу Филипп IV Сулуунун иниси, Карл Валуа. Карл XI Валуанын тушунда Франциянын аймагы бириктирилип, королдук бийлик күчөгөн жана француз абсолютизми калыптана баштаган. Династиянын акыркы өкүлү Генрих III өлтүрүлгөн соң (1589), анын мураскери жок болгондуктан, Валуа династиясы үзүлгөн, ал эми француз таажысы Бурбондорго өткөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]