Валюта себети

Википедия дан

Валюта себети — улуттук валютанын валюта курсун эсептөө максатында колдонулуучу валютанын белгиленген топтому. Топтомдогу валютанын саны, алардын курамы, о. эле валюта бөлүкчөлөрүнүн чоңдугу өлчөнгөн орточо курсту белгилөө маселесине жараша аныкталат. Валюта себети эсептөөдө ошол өлкөнүн жалпы улуттук дүң продуктудагы, өлкөлөрдүн белгилүү бир тобунун тышкы соода айланымындагы үлүшүнүн көрсөткүчү өзгөчө «салмак» катары чыгат. Валюта себетинин негизинде курулган эл аралык эсеп бирдиктери: беш улуттук валютаны камтыган (АКШ доллары, ГФР маркасы, япон иенасы, француз франкы, англисче фунт стерлинги) « Өздөштүрүүнүн атайын укугу» (СДР) жана Европа валюта системасы (ЭКЮ). 1989-жылы расмий валюта резервдеринин жалпы суммасы 340 млрд СДРди түзгөн, анын ичиненЯпонияда 60,3, Германияда 42,6, АКШда 33,2.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]