Ван Фучжей

Википедия дан
Ван, Фучжей‎»‎ барагынан багытталды)
Ван Фучжей (王夫之・Wang Fuzhi)

Ван Фучжей (王夫之) (7.10.1619, Хэнчжоу уезди, Хэнъян 18.2.1692, Шаньюй уезди, азыркы Чжэцзян провинциясы) — кытай материалист-философу, универсалдуу билимдүү, окумуштуу-энциклопедист. Астрономияны, математиканы, география, тарых, адабиятты изилдеген окумуштуу-илимпоз. Ван Фучжейдин философиялык көз карашынын негизинде Ци жөнүндөгү түшүнүк жатат. Ал боюнча Ци – (материалдык күч) – нерсе, зат жана алардан аалам куралган. Материалдык Ци бөлүкчөлөрүнүн биригүүсүнүн натыйжасында, дайыма өзгөрүү жана өнүгүү процессинде жаратылыштагы көп түрдүүлүк, конкреттүү нерселердин дүйнөсү жаралат. Ааламдагы дайыма жаңыланып жана өзгөрүп туруу концепциясы В. Фучжейдин социалдык философиясынын негизин түзүп, тарых да дайыма кыймылда болот деген көз карашын бышыктаган.
Анын 100дөн ашуун эмгектеринен 70ке жакыны табылды жана жарык көрдү. Bан Фучжинин эмгектеринин көпчүлүк бөлүгү байыркы кытай философиясынын канондорун чечмелөөгө арналган. Bан Фучжи Чжан Цзага удаа эле «Улуу боштук» жөнүндөгү окууну өнүктүргөн. Мындагы борбордук жобо ци (дем күчү), ал дүйнө түзүлүшүнүн бардык негизинде жатат. Демдин (дем күчтүн) мүнөзүнүн уңгу-негизи (субстанция) ушунда: «ансыз эч кандай принцип да, эч кандай “Асман” да, эч кандай “жүрөк” да болбойт, жок нерселер» делет. Чжоу Дуньинин кыймылдын үстүнөн тынымдын үстөмдүгү жөнүндөгү жобосун сынга алатынча Тыным кыймылдан экенин моюндап келип, аларды универсалдуу дүйнө түзүүчү күчтөргө ээ инь менен яндын өңүтүнөн сунуштайт. «Кыймылда ян жаралат бул кыймылдын кыймылы. Тынымда инь жаралат бул тынымдын кыймылы». Ошол доордогу теор. талаш-тартышгардын омоктуусу кайсынысынын жолу улук адамдардынбы же мыйзамдардынбы деген маселеге кайрылып, Bан Фучжи аларды теңдештирип чечкен. Ал: «Асман алдында эч качан кебелбес негиздер бар, бирок эч кебелбес мыйзамдар жок», деген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]