Варваризм

Википедия дан

Варваризм (гр.— чет элдик) — көркөм чыгармаларда кездешкен башка элдик сөздөр, сөз айкалыштары жана сүйлөмдөр. Булардын адабий чыгармаларда кездешүүсү каармандардын мүнөзүн ачуу максатын көздөйт. Мындай фактылар орус адабиятыиын тарыхында, мисалы, Л. Н. Толстойдун «Согуш жана тынчтык» эпопеясында арбын кездешет. Бул көрүнүш кыргыз адабиятында да учурайт. Т. Касымбековдун «Сынган кылыч» романынан өзбек, Т. Сыдыкбековдун «Биздин замандын кишилери» романынан орус, А. Токтомушевдин «Алтын кыз» романынан уйгур сөздөрүн кездештирүүгө болот.

Мисалы; – Орустарга тавдан ышкын терип келип берсеңдер нан береди... деди.

– Ышкын кайда болот?

Артына бурулуп таягы менен нускап:

– Сонав көрингенден бийик, – деди бир карагайлуу тоону көрсөтүп. (М. Элебаев)

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булак: http://kyrgyzinfo.ru Archived 2021-09-22 at the Wayback Machine