Мазмунга өтүү

Мукай Элебаев

Википедия дан
Элебаев, Мукай‎»‎ барагынан багытталды)
Мукай Элебаев
Элебай уулу Мукай
Туулган датасы:

15 -январь 1906(1906-01-15)

Туулган жери:

Чоң-Таш айылы, Түп району, Ысык-Көл облусу

Өлгөн датасы:

15 -май 1944(1944-05-15) (38 жаш)

Өлгөн жери:

Псков облусу

Чыгармачылык жылдары:

19241944

Чыгармаларынын тилдери:

кыргыз

Элебай уулу Мукай (1906–1944) — кыргыз акыны, жазуучусу жана котормочусу. Мукайдын өмүрү жана чыгармачылыгы кыргыз адабиятында терең из калтырган.

Мукай Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Чоң-Таш айылында 1906-жылы туулган[2] [3]. Ал тогуз жашында жетим калды[4].

1916-жылы ал эл менен бирге Үркүн натыйжасында Кытайга көчүүгө аргасыз болгон, 1919-жылы кайрадан Ысык-Көлгө иниси Беккулу менен кайтып келген[4][5]. 1921-жылы Мукай Караколдогу жетим балдарды тарбиялоочу жатак мектепке кабыл алынып, кийинчерээк Түптөгү айыл-чарба кесип мектебинде үч жыл окуган. Андан соң Фрунзедеги борбордук мугалимдик кесип мектебине өтүп, бул окуу жайды 1930-жылы аяктаган[2].

Мукайдын чыгармачылык жолу 1925-жылы «Эркин-Тоо» гезитинде жарыяланган «Зарыгам» аттуу ыры менен башталган[6][3]. Анын биринчи ырлар жыйнагы 1931-жылы жарык көргөн. 1934-жылы ал КСРБ Жазуучулар бирикмесине мүчө болгон. Мукайдын чыгармалары советтик кыргыз адабиятында өзгөчө мааниге ээ, анын ичинде 1936-жылы жарык көргөн «Узак жол» аттуу өз өмүр баяны тууралуу романы кыргыз адабиятындагы алгачкы роман болуп эсептелет[7] [8].

Ал жазуучулук менен катар чебер котормочу катары да белгилүү болгон. Элебаев Гогольдун «Шинель» жана «Өлүк жандар», Толстойдун «Хажы Мурат», Фурмановдун «Кызыл десант» жана «Козголоң», Пушкиндин «Хандын өлгөн кызы менен жети баатырдын жомогу» сыяктуу чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

Мукай Экинчи дүйнөлүк согушта Кызыл армиянын жоокери болуп, 267-аткычтар бөлүмүнүн атчысы катары кызмат өтөп жүрүп, согуш талаасында жаракат алып, 1944-жылдын 15-бугу айында Псков облусунда каза болгон[1].

Анын урматына Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айылындагы жана Ош облусунун Базар-Коргон районундагы мектептерге анын ысымы ыйгарылган.

Жарык көргөн китептери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Окуу китеби. – Ф.: Кыргызмамбас, 1930. – 125 б. (Жамгырчиев Ж. менен бирге.)
  • Ырлар жыйнагы. (1-жыйнак). – Ф.: Кыргызмамбас, 1931. – 99 б.
  • Майдан. 2-жыйнак. – Ф.: Кыргызмамбас, 1933. – 60 б.
  • Ырлардын толук жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1936. – 80 б.
  • Узак жол: Роман 1-китеп. – Ф: Кыргызмамбас, 1936. – 138 б.
  • Ырлардын толук жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1938. – 103 б.
  • Кыйын кезең: Аңгеме. – Ф.: Кыргызмамбас, 1938. – 52 б.
  • Салам кат: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1941. – 46 б.
  • Улуу марш: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1943. – 32 б.

«Узак жол» романы орус, латыш, түрк тилдерине которулган. «Кыйын кезең» түрк тилине да которулган.

  • Данилич-Кочин А. Динамит: Аңгеме. – Ф.: Кыргызмамбас, 1934. – 31 б.
  • Фурманов Д.А. Козголоң – Ф.: – Казан, Кыргызмамбас, 193 б. – 199 б.
  • Маршак С.Я. Акылсыз чычкандын баласы тууралуу. – Ф. – Казан: Кыргызмамбас, 1937. – 8 б.
  • Толстой Л.Н. Хаджи Мурат. – Ф.: – Казан: Кыргызмамбас, 1938. – 139 б.
  • Гоголь Н.В. Шинель: Повесть. – Ф.: – Казан: Кыргызмамбас, 1938. – 46 б.
  • Пушкин А.С. Хандын өлгөн кызы менен жети баатыр жөнүндө. – Ф.: – Казан, Кыргызмамбас, 1938. – 28 б.

Интернеттеги шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  1. 1.0 1.1 Информация о донесении: 30148 (донесения о безвозвратных потерях) (орусча). Память народа. Текшерилген күнү 28 Апрель 2020.
  2. 2.0 2.1 Мукай Элебаев: өмүр баяны (29 -сентябрь (аяк оона) 2015).
  3. 3.0 3.1 Мукай Элебаев: классиктин оор жылдары. Азаттык үналгысы (18 -февраль (бирдин айы) 2021).
  4. 4.0 4.1 Поэт-прозаик Мукай Элебаев.
  5. Мукай Элебаев.
  6. Элебай уулу Мукай (1925-02-16). "Зарыгам". Эркин Тоо (6). 
  7. Abdıkulova, Roza (June 2016). "1916 Türkistan İsyanı’nın Kırgız Edebiyatına Yansıması: Ürkün" (in tr). Bilig 76: 159–178. https://dergipark.org.tr/en/download/article-file/234179. Retrieved 2024-10-01. 
  8. Doç. Dr. Mayramgül Diykanbay (2021). Kırgız Romanı: Başlangiçtan Bağımsızlığa 1917-1990 (in түркчө). Fenomen Yayınçılık.