Варна (шаар)

Википедия дан
Варна.

Варна (шаар) - Болгариянын чыгышындагы шаар, Варна облусунун административдик борбору. Калкы 312,4 миң (2006); калкынын саны боюнча өлкөдөгү 3-шаар (София, Пловдивден кийин). Кара деңиздеги Варна булуңунун жээгинде жайгашкан. Мааниси боюнча өлкөдөгү 2-деңиз порту (жылына 8,5 млн о жүк ташылат). Варна Ильичёвск (Украина) Поти Батуми (Грузия) паром байланышы бар. Эл аралык аэропорту бар.

Байыркы грек Одессос полиси катары биздин заманга чейинки 570-жылы ченден белгилүү. 971-жылы Византия басып алган, 1201-жылдан 2-Болгар падышалыгынын курамында, 1393-жылы түрктөр басып алган. 18-19-кылымда ири портко жана соода борборуна айланган. 1949-56-жылы И. В. Сталиндин ысмында. Шаарда антика жана соңку Византия курулуштарынын калдыктары сакталган. Эски бөлүгүндө жыгач үйлөр, чиркөөлөр, мечиттер бар. Өлкөнүн маанилүү өнөр жай жана маданий борбору. Университеттер, музейлер, сүрөт галереясы, музей-аквариум, театрлар, зоопарк, дельфинариум, планетарий, деңиз паркы (1881, аянты 85 га) иштейт. «Варна жайы» музыкалык фестивалы (1926, 1966-жылдан эл аралык), эл аралык балет конкурсу, дирижёр жана композитор Г. Димитров атындагы май айы хор конкурсу өткөрүлүп турат. Кеме куруу жана ремонттоо заводдору, электр приборлор, текстиль, тигүү, тамак-аш, химиялык (ири комплекс) өнөр жайлары иштейт. Деңиз жээгинде «Алтын Кум» улуттук паркы, «Тилик таш» («Дилик таш») уникалдуу табият резерваты, шаардан түндүктө деңиздик климаттык бальнеологиялык-баткак курорттору Алтын Кум, Ыйык Константин жана Елена (мурдагы Достук), Албена, Тузла жана башка жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]