Варшава келишими (1768)

Википедия дан

Варшава келишимиОрусия менен Польшанын ортосунда 1768-жылдын 24-февралында (6-мартында) түзүлгөн.

Екатерина II өкмөтү диссиденттердин (католиктен башкалар, б. а. православныйлар менен протестанттар) тең укуктуулугу жөнүндөгү маселени Польшанын ички ишине киилигишүүгө пайдаланган. Варшава келишими боюнча диссиденттер католиктер менен тең укукка ээ болгон. Речь Посполитанын негизги мыйзамдары (крепостулук укук, королдун шайланышы ж. б.) бузулбай кала берген.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.