Василенко, Владимир Харитонович

Википедия дан

Василенко, Владимир Харитонович (25 мая [7 июнь] 1897, Киев — 19 декабрь 1987, Москва) — советтик тера­певт, СССР МИАнын акад. (1957), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1967).

  • 1922-ж. Киев мед. институтун бүтүргөн. А. А. Богомолецтин, Н. Д. Стражесконун, жана Ф. Г. Янковскийдин жетекчилиги астында иштеген.
  • 1935-жылдан Киев врачтар билимин өркүндөтүү институтунун кафедра башчысы, Улуу Ата Мек. согуш убагында Түн. Кавказ жана 1-Украина фронтторунда башкы терапевт болуп иштеген.
  • Москвадагы 1-мед. институтунун ички оорулар пропедевтикасы кафедрасынын башчысы (1948), СССР саламаттык сактоо мин-восунун Москвадагы бүткүл союздук гастроэнтерология илмий изилдөө институтунун директору (1967).
  • Василенконун эмгектери көбүнчө бөйрөктүн, тамак сиңирүү жана дем алуу системаларынын патологиясында, кан айлануунун өнөкөт жетишсиздигинде зат алмашуунун бузулушуна арналган.
  • Н. Д. Стражеско менен бирге Василенко жүрөк- кан тамыр системасынын жетишсиздиги жөнүндөгү жацы классификацияны сунуш кылган.
  • Василенко 2 Ленин ордени, башка 4 орден менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.