Васильевка кум кени
Көрүнүш
Васильевка кум кени Чүй облусунун Аламүдүн районунда, Васильевка кыштагынын батыш жак четинде, Чүй дарыясынын сол өйүзүндө. 1958-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Кен аймагын антропогендин чөкмө тектери түзөт. Кум бири-биринен чопо менен бөлүнгөн эки катмардан турат. Үстүнкүсүнүн калыңдыгы 5 мге чейин. Кум полимиктүү, майда бүртүкчөлүү. Астынкысы орточо бүртүкчөлүү, арасында бирин-серин майда шагыл кездешет. Курамында кварц 75%, талаа шпаты 10%, биотит жана амфиболдор менен приоксендер 15%ке чейин. Көлөмдүк салмагы 2,59. Арасындагы чаң 12,1%. Запасы С2 категориясы боюнча 27349 м3 (1961). Кум шыбакка жана кыш куюуда аралашмага колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7