Васильевка чымкөң кени

Википедия дан

Васильевка чымкөң кени Чүй облусунун Сокулук районунда, Бишкек шаарынан 30 км түндүк тарапта, Васильевка кыштагынан 2 км аралыкта, деңиз деңгээлинен 600 м бийиктикте. Чымкөң катмары өсүмдүктөрдүн өсүүсү менен басылып калган мурунку көлмө менен байланышкан. Чымкөң катмарынын аянты 23,4 га, орточо калыңдыгы 1,07 м. Чымкөңдүн түсү мала күрөңдөн, кочкул күрөңгө чейин өзгөрөт. Чымкөң чириген начар жана орто, азот менен фосфорго кедей, акиташка бай. Күйгөндө 1538–3551 каллория жылуулук берет. Чымкөңдү акиташтуу жер семирткич катары колдонууга болот. Запасы С1 категориясы боюнча 250,4 миң м3.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]