Васильев Василий Павлович

Википедия дан

Васильев Василий Павлович – окумуштуу-синолог, чыгыштаануучу, Казань университетинин профессору, Орус Императордук Илимдер Академиясынын мүчөсү. Кытай тилин билген боюнча ири адис катары Орхондогу көк түрктөргө таандык болгон Күлтегин, Могилян, Моюнчурдун эстеликтериндеги Тан дооруна таандык кытай тилиндеги иероглифтерди окуп, тактап, каталарын түзөтүп оңдоп окуп чыккан окумуштуу. 1818-ж. Нижний Новгород шаарында кенже чиновниктин үй бүлөсүндө туулган. Алты жашынан уездик мектептен окуган, тогуз жашында мектептин биринчи баскычын аяктагандан соң, нижегороддук шаардык сотко көчүрүп жазчу кызматына орношот. 1828-ж. 14 жаштан жашы төмөн балдарды кызматка албоо буйругу чыккандан соң, атасы аны 3-баскычтагы мектепке киргизген, андан соң гимназияга которулат. В.П.Васильев 1834-ж Казань университетинин тарых-филология факультетинин чыгыш тилдер бөлүмүнө келип кирип, аны 1837-ж бүтүрүп чыккан. Жаш адиске Пекинге Орус духовный миссиясынын курамында барып, тибет, санскрит жана кытай тилдерин окуп-үйрөнүү шыбагасы сунушталат. Бул сунушту кабыл алган В.П.Васильев эки жыл бою болочокто аткарыла турган жүрүшкө даярданган. Ушул мезгилде монгол булактарындагы буддизмди талдап окуп чыгат, будда философиясынын негиздерин окуп-үйрөнөт, андан соң, чыгыш тилдеринин магистри наамына ээ болгондугу маалым. 1840-ж. Василий Павлович Пекинге сапарга аттанып, ал жеде тогуз жыл жашап калат. Бул мезгилди окумуштуу кытай, тибет, санскрит, монгол, манжур тилдерин окуп-үйрөнүүгө жумшаган эле. Ошону менен бирге, изилдөөчүнүн илимий багыты ар кандай тармактардан тургандыгын белгилей кетүү зарыл. Ар бир илимий маселеде анын жеке көз карашы чагылдырылып турган. 1850-ж. Кытайдагы тогуз жалдык сапардан кайтып келгенден соң, В.П.Васильев Казан университетинин кытай жана манжур тилдери кафедрасынын профессору кызматына орношот. Ушул мезгилден окумуштуунун илимдеги топтогон маалыматтары жарык көрө баштайт. Анын эмгектери: "Манчжурско-Русский словарь" (литограф. издание, 1866); "Анализ китайских иероглифов" (1866); "Китайская хрестоматия" (3 томдон турган., 1868); "Графическая система китайских иероглифов" (1867); "Элементы китайской письменности" (1884); "Очерки истории китайской литературы (1885); "Материалы по истории китайской литературы" (1888) ж.б.

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул эмгектердин басымдуу бөлүгү толуктоолор, түзөтүүлөр менен кайрадан басылып чыккан. Пекинде жүргөн мезгилде Кытай ээликтеринин 12 династия башкарган доорлорунун картасын чийип чыккан. Башка эмгектери: "Записка о Нингуте", "О реках, впадающих в Амур" жана "О существовании огнедышащей горы в Манчжурии" (статьи в "Записках Географического Общества", 1853 - 57); "История и древности восточной части Средней Азии с Х по XIII в." (1861); "Сведения о маньчжурах во времена династий Юань и Минь" (1861); "Русско-китайские трактаты" (1861); "О движении магометанства в Китае" (1867); "Die auf den Buddismus bezuglichen Werke der Universitats-Bibliothek zu Kazan" ("Бюллетень Императорской Академии Наук", 1856; ошол эле орус тилинде "Русский Вестникте" жарык көргөн); "Графическая система китайских иероглифов" жана "Об отношении китайского языка к среднеазиатским" ( "Журнал Министерства Народного Просвещения"); "Буддизм, его догматы, история и литература"; "Религии Востока: конфуцианство, буддизм и даосизм".

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015