Ватто, Антуан

Википедия дан

Ватто, Антуан (Жан Антуан; 1684–1721) – француз живописчи жана графиги. Анын чыгармачылыгынын өркүндөшүнө, көз карашынын калыптанышына К. Жилло менен К. Одрандын (кийинчерээк П. П. Рубенстин) чыгармалары таасир тийгизген. 1717-ж. “Киферу аралына зыярат” (Париж, Лувр) аттуу чоң сүрөтү үчүн академик наамын алган. “Суур кармаган Савояр” (1716, Ленинград, Эрмитаж), “Жоокердик өргүү” (Москва, А. С. Пушкин атындагы сүрөт искусство музейи) жана башка туңгуч чыгармалары В-ну көрүүчүлөргө таанымал кылган. Анын көп эмгектери сүйүү темасына арналган. Көрүнүктүү чыгармалары: “Э. Ф. Жерсен лавкасынын вывескасы” (1720, Берлин-Далем), “Кыштактагы үйлөнүү тою”, “Махабат майрамы” жана башкалар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]