Baтто Жан Антуан

Википедия дан

Baтто Жан Антуан (10.10.1684, Франция, Валансьен 18.7.1721, Парижге жакын Ножан сюр-Мари) француз сүрөтчүсү, живописчи, график. Королдук көркөм сүрөт академиясынын мүчөсү (1717). Анын чыгармачылыгынын өркүндөшүнө, көз карашынын калыптанышына П. П. Рубенстин чыгармаларынын таасири тийген. 1717-жылы «Киферу аралына зыярат» (Париж, Лувр) аттуу чоң сүрөтү үчүн академик наамын алган. «Суур кармаган Савояр» (1716, Ленинград, Эрмитаж), «Жоокердик өргүү» (Москва, Мамлекеттик көркөм сүрөт искво музейи) жана башка туңгуч чыгармалары Ваттону көрүүчүлөргө таанымал кылган. Көрүнүктүү эмгектери: «Э. Ф. Жерсендин дүкөнчөсүнө илинген такта» (1720, Мамлекеттик музейлер, Берлин), «Кыштактагы үйлөнүү тою», «Махабат майрамы» жана башка.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]