Ватутин, Николай Федорович

Википедия дан

Ватутин, Николай Федорович [3(16). 12. 1901—15. 4. 1944] — армиянын генералы (1943-ж. февр.), Сов. Союз. Баатыры (6.5.1965).

  • 1921-жылдан КПСС мүчөсү. Курск губ-ндагы Чепухино айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган.
  • Граждандыкк согушка катышкан. Полтава жөө аскерлер мектебин (1922) жанa Киевдеги жог. аскердик бирикме окуу жайын (1924), Фрунзе атн. аскер академиясын (1929) жанa анын оперативдүү факультететин (1934), Генштаб академиясын (1937) бүткөн.
  • Улуу Ата Мек. согушка чейин Киев аскер округунун штабынын, Генштабдын оперативдүү башкармасынын начальниги.
  • Согуш мезгилинде (1941—42) Тун.- Батыш фронтунун штабынын на­чальниги, Брянск фронтунда Ставканын өкүлү (1942-ж. май—июль). Воронеж (1942-ж. июль—окт., 1943-ж. март—окт.), Түш.-Батыш (1942-ж. окт.—1943-ж. март), 1-Украина фронтторунун (1943-ж. окт.— 1944-ж. март) командачысы.
  • Оор жарадар болуп, каза тапкан. Сөөгү Киевге коюлуп, эстелик орнотулган. Ленин ордени, Кызыл Туу, 1-дараж. Суворов, 1-дараж. Кутузов ордендери жанa Чехословакиянын ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.