Вахтангов театры

Википедия дан

Вахтангов театры (Евгений Вах­тангов атындагы Эмгек Кызыл Туу ордендүү мамлекттик акаде­миялык театр) 1921-ж. Москвада уюштурулган.

  • Театрды К. С. Станиславскийдин шакирти Е. Б. Вахтангов негиздеген.
  • Театр адегенде Вахтанговдун студиясы деп аталган. 1926- жылдан бери Вахтангов атындагы театры Гоццннин «Каныша Турандот» (1922) пьесасынын коюлушу менен театр өзүнүн чыгармачылык жүзүн көрсөткон.
  • Андан кийин театрдын репертуарында революциялык жанa азыркы пьесалар башкы орунду ээлеп келди.
  • 20—30-жылдары «Виринея» (Сейфуллина жанa Правдухин, реж. А. Д. Попов, 1925), «Ин­тервенция» (1923, Славин, реж. Р. Н. Симонов), «Мылтыкчан киши» (1937, Погодин, реж. Симонов, Лениндин ролунда—Б. В. Щукин), Улуу Ата Мек. согуш учурунда «Майдан» (Корнейчук, 1942), «Орус адамдары» (Симонов, 1942), 50—60-жылдары «Иркут окуясы» (Арбузов), «Фома Гордеев» (Горький), «Гамлет» (Шек­спир) деген спектаклдерди койгон.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.