Вегетатив көбөйүү

Википедия дан
Kalanchoe pinnata.

Вегетатив көбөйүү - дененин бөлүгүнөн жаңы организмдин пайда болушу; көбөйүүнүн бир түрү.

Микроорганизмдер, жөнөкөй түзүлүштүү жаныбарлар жанa бүт дээрлик өсүмдүктөр вегетативдик жол менн көбөйөт.

Вегетатив көбөйүүгө жаныбарлардын мис., губкалардын, ичеги көңдөйлүүлөрдүн бүчүрлөө аркылуу, эң жөнөкөплөрдүн бөлүпүү жолу менен көбөйүүлөрү кирет. Бир клеткалуу өсүмдүктөрдүн Вегетатив көбөйүүсүңө: көбүнчө бөлүнүу, кээде бүчүрлөө, көп клеткалуу жөнөкөй түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн денелеринин регенерацияга жөндөмдүү бөлүктөргө ажыроо аркылуу, татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн муруттар, тамыр-сабак, түймөк, пияз-түп ж. б. вегетатив органдары же алардын бөлүктөрү аркылуу көбөйүүлөрү кирет.

Практикада калемчелер (сабактын, жалбырактын, тамырдын бөлүктөрү) аркы­луу көбөйтүү кеңири таралган. Вегетатив көбөйүүнүн негизинде регенерация кубулушу, б. а. вегетативдик дененин бөлүктөрүнөн бүтүн организмдин калыбына келүү жөндөмдүүлүгү жатат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.