Веймар конституциясы (1919)

Википедия дан
Веймар конституциясы(1919)‎»‎ барагынан багытталды)

Веймар конституциясы(1919) - Германиянын конституциясы, Веймар уюмдаштыруу чогулушу иштеп чыккан, 1919-ш. 31-июлда кабыл алынып, 1919-ж. 11-августта күчүнө кирген.

Ноябрь революциясынын (1918) натыйжасында жарым абсолюттук монархиянын ордуна келген бурж.-демокр. парламенттик республика жарыяланган.

Веймар конституциясы бурж.-юнкердик түзүлүштүн негизин бекемдеп, өндүрүш куралдарына ка­пит. менчикти гарантиялаган; бийликти борбордоштуруу жагын бир кыйла чыңдап, өлкөнүн федерациялык түзүлүшүн сактап калган. Веймар конституциясынын «президент диктатурасы» жөнүндөгү жобосу кийин революциячыл кыймылды басууүчүн пайдаланылган. Германияда фаш. диктатура бийликке келгенде (1933), Веймар конституциясы өз күчүн жоготкон.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.