Велобол

Википедия дан

Велобол [вело(сипед) жана англ, ball — топ] — велосипед тебүү менен топ ойноочу командалык спорт оюну.

Оюнду ар биринде 2 кишиден турган 2 команда ойнойт. Спортсмен карты команданын дарбазасына топту велосипеддин алдыңкы же арткы дөңгөлөгү, денеси же башы менен кийирет.

Велобол тапталган жерде, асфальтта же тактай төшөлгөн аянтта өткөрүлөт. Германия менен Чехословакияда өнүккөн.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.