Велосипед

Википедия дан

Велосипед - (лат. velox тез, ылдам жана pes бут) адамдын булчуң күчү менен кыймылга келип, биринин артына бири жайгашкан дөңгөлөктөрдөн туруп, рама менен бириктирилген транспорт каражаты. Туңгуч велосипедди (4 дөңгөлөктүү өзү жүрүүчү арабаны) ар кайсы өлкөлөрдүн (Германия, Франция, Россия, Англия) ойлоп чыгаруучулары жасашкан. Алдыңкы дөңгөлөгү (жетелөөчү) чоң, арткы дөңгөлөгү кичине болгон, эң алгачкы педалдуу велосипедди орус мастери Е. М. Артамонов жасаган. 1808-ж. Парижде рулдук башкаруусу жок эки дөңгөлөктүү велосипед жасалып, ал бут менен жерди түртүү аркылуу кыймылга келген. 1863-ж. ага-ини Пьер жана Эрнст Мишо алдыңкы дөңгөлөгүнө бекиген педалдуу оюнчук велосипед ойлоп табышкан. Велосипеддин түрү жана конструкциясы улам өркүндөтүлүп, 19-кылымдын аягында чынжыр аркылуу кыймыл берүү, шариктүү подшипник (1877), жел толтурулган (пневматикалык) шина (1889), кыймылды алмаштыруучу механизм (1889) киргизилген. 20-кылымдын башынан баштап кеңири таралган жеке транспорт каражаты. Себеби пайдаланууга ыңгайлуу, баасы арзан. Арналышына жана констрсынын өзгөчөлүгүнө жараша жол жүрүүчү (эркектер жана аялдардыкы), өспүрүмдөр жана балдар үчүн, спорттук жана атайын велосипед болуп айырмаланат. Спорттук велосипеддин эки орундуулары да бар. Атайын велосипедге: циркте пайдаланылуучу, жүк ташуучу, үч дөңгөлөктүү (улгайгандар үчүн) ж. б. велоколяскалар кирет. Жүк ташуу үчүн велосипедге чиркелме түзүлүштөр, ошондой эле айрымдарына асма мотор орнотулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]