Венгриядагы революция

Википедия дан

Венгриядагы революция (1848 - 49) - өлкөдөгү крепостной түзүлүштү жанa улуттук эзүүнү жоюу, Венгриянын көз карандысыздыгына жетүү максатын көздөгөн буржуазиялык ре­волюция. Габсбургдар бийлеп турган Венгриядагы ички карама-каршылыктар (агрардык маселе, элдин саясий укуксуздугу ж. б.) революция жолу менен гана чечилмек.

Бул революциядагы буржуазия- либерал жанa демократчыл орто дворяндардын бир бөлүгү дыйкандарды крепостной укуктан бошотууга, Венгриянын экономика жанa саясий жактан өз алдынча болушуна мүдөөлөш болгон; бирок феодалдык тартиптердин то­лук жоюлушун, славяндар менен баш­ка элдердин тең укукка жетишин каалаган эмес.

Көтөрүлүш 1848-ж. 15-мартта Пешт шаарында чыккан; көтөрүлүштүн башында революциячыл демократ Шандор Петёфи турган. 17-мартта император Ферди­нанд граф Баттьяни башкарган венгр өкмөтүн түзүүгө макулдук берген. 18-мартта мамлекеттик чогулуш буржуазия бир катар реформаларды кабыл алса да, Венгриянын толук көз карандысыздыгын жарыялоого батынган эмес. Революция ушундан улам күч алган. Аны басуу үчүн 11-сентябрда Австриядан армия келген. Өлкөдө мекенди коргоо комитета түзүлүп, ага Лайош Кошут жетекчилик кылган. Революциячыл армия империялык аскерлерин талкалап, Улут­тук чогулуш Габсбургдар династиясы кулатылды деп жарыялаган. Бирок парламенттин либералчыл бөлүгү эл массасынан чочулап, Габсбургдар менен келишип кеткен. Габсбургдардын суроосу менен падышалык Орусия 1849-ж. Венгрияга интервенция жасап, 13-августта венгр армиясын багындырган. Бир нече жумадан кийин революция да басылган. Бул революция жеңилип калса да, өлкөдөгү феодалдык-крепостной түзүлүшкө сок­ку уруп, капиталисттик мамилелердин өсүшүнө жол ачкан; бошт. жанa көз карандысыздык үчүн андан кийинки күрөштө венгр элине дем берген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.