Венгрия-Венеция согуштары

Википедия дан

Венгрия-Венеция согуштары - Венгрия м-н Венециянын ортосунда Далмация жээктерине үстөмдүк кылуу үчүн жүргөн согуштар.

Далмацияны каратууга Вене­ция 1О0О-Ж. биринчи аракет жасаган. 11-кылымдын аягында Венгрия Далмация­ны басып алып, өз чек арасын кеңейте баштайт. Мындан кийин 1105, 1115—16, 1124, 1126, 1181, 1191, 1193, 1202, 1243—44-ж. согуштар болгон. Венгрия-Венеция согуштары Венгриянын королу Лайош I- нин убагында күчөйт (1345—46,1356— 57, 1378—81). 1358-ж. Далмация шаарларынын көбү Венгрия королупун бийлигин тааныган. Задар тынчтык договору боюнча (1358, февр.) Венеция Далмациядан баш тартып, Венгрия королдугу деңиз державасына айланган. 1378—81-ж. согуштун жыйынтыгы боюнча Турин тынчтыгында (1381-ж. 28-авг.) Венециянын жеңилгендиги ырасталып, Задар тынчтык договорундагы жобо күчүндө калган. Бирок 1411-ж. Венгрия Турция менен согушуп жатканда Венеция Далмация шаарларын кайтарып алууга аракеттенген. Венгрия-Венеция согуштары 1433-ж. тынчтык жол менен аяктап, Венгрия Далмациядагы шаарларынан ажыраган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.