Венгр чыгыш таануу мектеби

Википедия дан

Венгр чыгыш таануу мектеби - дүйнөдөгү Азия элдерин изилдеген илимий борборлордун бири. Түрк таануу жана алтай таануу багытын өнүктүрүүдө венгр изилдөөчүлөрү зор салым кошушкан. Алар Ататүрккө тил боюнча реформа жүргүзүүдө чоң жардам көрсөтүшкөн. Атап айтканда, Кунаш Игнац түрк диалектологиясынын сөздүгүн түзгөн. Бирток Бела түрк элдеринин фольклордук музыкасын изилдөөгө негиз салган. Туру Иожер, Немет Дьюла, Лигети Лайош дүйнөлүк түрк таануу илимине зор салымдарды кошушкан. Гольдзихер Игнац ислам таануу, Германиус Дьюла араб адабияты менен ислам укугун изилдөө боюнча эмгектерди жараткан. Г. Лоринц, Ревицки, Эрази сыяктуу венгр окумуштуулары перс казалдары менен Омар Хайямдын чыгармаларын ар кайсы мезгилде англис, венгр тилдерине которуп, Европага таратышкан. Вамбери Арминий Орто Азия элдеринин турмушу, маданияты, тарыхы, экономикасы, аймактын географиялык абалы боюнча баа жеткис маалыматтарды топтогон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]