Венерология

Википедия дан

Венерологиямедицинанын венера ооруларынын пайда болуу себептерин, белгилерин, таралуу жолдорун, диагностикасын жана клиникалык өөрчүшүн изилдөөчү, ошондой эле аларды дарылоо жана алдын алуунун натыйжалуу методдорун иштеп чыгуучу бөлүмү. Венерология дерматология жана башка медициналык илимдер менен тыгыз байланыштуу; медициналык жогорку жана орто окуу жайларда окутулат.

Көп убакыт котонжара менен сүзөктү бир оору деп эсептешкен. 1879-ж. А. Нейссер сүзөк козгогучун гонококкту таап, анын өзүнчө оору экенин аныктаган. 1905-ж. немис илимпоздору Ф. Шаудин жана Э. Гофман котонжара козгогучу спирохетаны табышкан. Венера ооруларынын козгогучтарынын биологиясын изилдөөгө орус окумуштуу А. Я. Виленчук, америкалык окумуштуулар X. Э. Мортон, Т. Ф. Андерсон, Р. А. Нельсон, франциялык окумуштуу Ф. Жанель, англиялык окумуштуу А. Уилсон ж. б. өз эмгектерин арнаган. Советтик окумуштуу Н. М. Овчиников электрондук микроскоптун жардамы менен спирохетталар, лептоспирлер жана башкалардын өсүшү менен түзүлүшүнүн өзгөчөлүгүн ачкан. Котонжарадан ички органдардын, нерв системасынын жабыркоосун диагноздоо жана дарылоо өзгөчөлүгү, котонжараны диагноздоо үчүн жаңы иммундук флюоресценция реакциясы иштелип чыккан жана практикага киргизилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]