Венуолис

Википедия дан

Венуолис (өз аты-жөнү Жукаускас) Антанас [26. 3 (7. 4). 1882— 17. 8. 1957] — литва совет жазуучусу, Литва ССР эл жазуучусу.

  • Дыйкан үй-бүлөсүндө туулган. 1910-ж. Москва университинин мед. факультетин бүтүргөн. Лит­ва адабиятына 1905-жылдагы революциядан кийин реалист жазуучу катары кирген («Түрмөдө», 1905; «Кавказ легендалары», 190506).
  • Ал Литва кыштактарындагы нааданчылыктын. кулактар зомбулугунун бетин ачкан «Сууга чөккөн аял» (1909), «Кайтып келдим» (1908) аңгемелерин, Литванын бурж. түзүлүшүнө каршы «Рак» повестин (1920), «Ицир» (1936) пьесасын, тарыхый темадагы «Жол айрылышы» романын (1930) жазган.
  • Литвада Совет бийлиги орногондон кийин «Асыранды кыз» повестин (1946), «Пуожюнастардын чарбагы» романын (1949) жаратты. 1957-ж. «Менин эскерүүлөрумдөн» китеби жарык көргөн.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.