Версаль тынчтык келишими (1783)

Википедия дан

Версаль тынчтык келишими (1783) - Америка Кошмо Штаттары жана анын союздаштары (Франция, Испания, Нидерландар) менен Улуу Британиянын ортосунда 1783-ж. 3-сентябрда Версаль шаарында түзүлгөн. 1775-83-ж. Түндүк Америкадагы көз каранды эместик үчүн согуш АКШнын жеңиши менен аяктаган. 1) 1782-ж. 30-ноябрда Улуу Британия менен АКШ түзгөн прелиминардык, башкача айтканда алгачкы келишим боюнча Улуу Британия АКШны суверендүү, көз каранды эмес мамлекет деп таанып, чек араларын белгилеген. 2) 1783-ж. 20-январда Улуу Британия, Франция жана Испания ортосунда түзүлгөн прелиминардык келишим Улуу Британияны Вест-Индиядагы Тобаго аралын жана Африкадагы Сенегалды Францияга, ал эми Испанияга Жер ортолук деңиздеги Менорка аралын кайтарып берүүгө аргасыз кылган. Франция менен Англия согуш убагында Индиядагы басып алышкан жерлердин бири бирине кайтарып беришкен. 3) 1783-ж. 2-сентябрда Улуу Британия менен Нидерландардын ортосунда түзүлгөн прелиминардык тынчтык келишимине ылайык, Улуу Британия Индиядагы голланд факторияны Негапатамды алган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]