Вестернизация

Википедия дан

Вестернизация – (англ.western – батыш) өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн элдерине батыш өлкөлөрдүн экономикасы жана саясий системасынын артыкчылыгына ишендирүү жана батыш дүйнөсүнүн маданий баалуулуктарына оң мамилени калыптандыруу максатын көздөгөн социологиялык доктрина. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү тышкы саясатта, социалдык жана экономикалык турмушту уюштурууда батыш өлкөлөрдүн таасирине тартууга багытталган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • О. Каратаев; С. Эралиев. Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. Б.,"Бийиктик" - 2005-жыл.