Вестфаль тынчтыгы

Википедия дан

Вестфаль тынчтыгы (1648) Европадагы Отуз жылдык согушту (1618—1648) аяктаткан.

Ал эки договордон турат: биринчиси Оснабрюк шаарында Ыйык Рим империясы жана анын союздаштары менен Швеция жана анын союздаштарынын ортосунда түзүлгөн; экинчиси Мюнстер шаарында им­ператор союздаштары менен Франция жана анын союздаштарынын ортосун­да 1648-ж. 24-октябрда түзүлгөн.

Вестфаль тынчтыгыча Герман империясы Швецияга Батыш Померанияны бүт бойдон, Чыгыш Помераниянын бир бөлүгүн, Рюген аралын, Висмар ш-н, Бремен, Верден епископтугун берип, 5 млн талер контрибуция төлөгөн. Швеция империялык сеймге өз депутаттарын жиберүү укугун алган. Габсбургдардын Эльзастагы мурдагы ээлеген жерлери Францияга өткөн. Дин жагынан Вестфаль тынчтыгы кальвинчилерди, католиктер жана лютерандар менен бирдей укукка теңеген. Испания жана Австрия Габсбургдары жеңилсе да, Вестфаль тынчтыгы Габсбургдардын күч-кубатын толук начарлата алган эмес. Вестфаль сүйлөшүүлөрүндө Франция өкмөтү Габсбургдар менен мамилени оңдош үчүн көп нерсеге макул боло берген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.