Ыйык Рим империясы

Википедия дан

Ыйык Рим империясы (1512-жылдан баштап – Германдык Элинин Ыйык Рим Империясы) — Рейнден чыгышка чейинки немис аймактарын, ошондой эле Түндүк жана Ортонку Италияны камтыган о. кылымдагы мамлекеттик түзүлүш (962-1806).

Ыйык Рим Империясы (ЫРИ)
империя, биригүү
800/962 — 1806


Желек Герб
Ураан
«Gott erhalte Franz den Kaiser»
ЫРИнин квартениондук элтаңбасы.
Гимн
God Save Emperor Francis.ogg
Борбор калаа Аахен (800—1556) биринчи
Франкфурт (1562) аяңкы
Ири шаарлары Мюнхен
Тил Немис тили, Орто латын тили
Дин Католицизм (800-1806)
Лютеранизм (1555-1806)
Кальвинизм (1648-1806)
Акча бирдиги Талер, Гилдер, Грошен, Рейхсталлер]]
Аянт 1,000,000 км² (1050)
Калк 29,000,000 киши. (1800)
Император
 - 800—814 Чарльман (биринчи)
 - 1792—1806 Францис II (аяңкы)
Өтүүчүлүк
Чыгыш Франкия
Италия Падышалыгы
Каролингия сулалеси
Рейн конфедерациясы
Австрия империясы
Пруссия
Папа жерлери
Швейцар Конфедерациясы

Сардиния королдугу
Голланд Республикасы

Ыйык Рим империясы (1155–1268-жж)

Империяны 962-ж. герман королу Оттон I Чыгыш-Франк королдугунун негизинде түзгөн жана Улуу Карлдын Франк империясы менен антикалык Рим империясынын түздөн-түз уландысы катары караган. Курамына Германия, Чехия, Италия жана Бургундия аймактары кирген империя Генрих Шнүн тушунда (1050) гүлдөп өнүккөн. 1034-ж. «Рим империясы», 1157-ж. «Ыйык империя», 1254-ж. «Ыйык Рим империясы», 15-кылымдан «Герман улутунун Ыйык Рим империясы» деп аталган. Герман королдору эл аралык аренада мамлекеттин позициясын күчөтүү, эгемендүүлүгүн чыңдоо саясатын жүргүзгөн. Бирок империянын императорлорунун 11-13-кылымда Рим папаларына каршы күрөшү Италиядан айрылышына (13-кылымдын 2-жарымы), император бийлигинин бошоңдошуна жана айрым герман княздыктарынын күчөшүнө алып келген. Отуз жылдык согуштан (1618-48) кийин император бийлиги алдан тайып, формалДУУ түрдө 1806-ж. чейин уланган. Наполеон аскерлери басып кирердин алдында анын акыркы императору Франц II тактан баш тарткан. Римде, гүл берүүнү чечтик. Майрам, туулган, той жана бир датасы: Ошол эле учурда, бул жолу кандай мааниге ээ эмес. Гүлдөр гана өлгөн берилет.[1]

Жазуулар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Un Italiano Сулайман: италиялыктар - алар эмне болот?

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4