Вестфал дүйнө системасы

Википедия дан

Вестфал дүйнө системасы (1648-ж.) - сүйлөшүүлөр 1644-ж. тарта жүрүп келген, бир тарабынан, герман улутунун Ыйык Рим империясы жана Франция менен Мюнстер шаарында, экинчи тарабынан, Швеция жана германдык протестанттык княздыктар менен Оснабрюк шаарында кол коюлган эки тынчтык келишими.

Вестфал дүйнө системасына европалык мамлекеттер катышып, ар түрдүү себептерден улам (диний, территориалдык, династиялык) уланып келген Отуз жылдык согуштун (1618-1648) аякташына шарт түзгөн. Жыйынтыгында Франция, Швеция жана алардын өнөктөштөрү көптөгөн аймактык ээликтерге ээ болуп, Империянын иштерине кийлигишүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Голландия жана Швецариялык конфедерация мамлекеттик суверенитетке ээ болуп, ал эми германиялык княздар - суверендүү мамлекеттерге укук алган. Муну менен бирге герман улутунун Ыйык Рим империясы көз карандысыз мамлекеттердин (300гө жакын) конгломератына айланган. Вестфал дүйнө системасысы диний укук жана эркиндиктерди лютерандардын жана кальвинисттердин колуна өткөрүп берген. Кээде Вестфал дүйнө системасына 1648-ж. Голландия менен Испаниянын ортосунда түзүлгөн келишимди да киргизишет, ага ыпайык эки өлкө ортосунда сексен жылдан бери уланып келген согушка чекит коюлган (1625-ж. Голландия менен Испания ортосундагы куралдуу аракеттерди тарыхчылар бир эле учурда Отуз жылдык согушка жана Сексен жылдык согушка тиешеси бар деп баса белгилешет).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8