Вест-Индия компаниялары

Википедия дан
Голландиялык Вест-Индия компаниясы.

Вест-Индия компаниялары - Америкада жана Батыш Африкада соода жүргүзүүгө жана колониялаштырууга монополиялык укугу бар европалык соода компаниялары.

  1. Голландиялык (Нидерланд) Вест-Индия компаниясы 1621-1791-ж. өкүм сүргөн. Бул компания Бразилиянын аймагынын бир бөлүгүн, Вест-Индиянын бир катар аралдарын басып алган. 1626-ж. голландиялык Вест-Индия компаниясы Жаңы Амстердам (азыркы Нью-Йорк) шаарын курган.
  2. Франциялык Вест-Индия компаниясы Ж. Б. Кольбердин демилгеси менен түзүлүп, 1664-74-ж. иш жүргүзгөн. Алар Америкадан кант, пахта, кофе, какао, индиго алып чыгып, Африкадан негрлерди кулдукка алып келип турган. Компания Канаданы колонияга айландырууда чоң роль ойногон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]