Вивекананда

Википедия дан
Вивекананда
Толук аты-жөнү Свами Вивекананда
Төрөлгөн 12.01.1863
Калькутта, Индия
Көз жумган 4.07.1902
Калькуттага жакын Белур чиркөөсү, Индия

Свами Вивекананда (бенг. স্বামী বিবেকানন্দ, хинди स्वामी विवेकानन्द; төрөлгөндө берилген аты — Нарендрана́тх Да́тта; 12 январь 1863, Калькутта, Бенгалия—4 июль 1902, Калькуттага жакын Белур чиркөөсү) – Индияда гана эмес, Америка, Азия жана Европа өлкөлөрүндө индиузмдин реформаланган формасын пропагандалоого активдүү катышкан ойчул, диний реформатор жана коомдук ишмер.

Рамакришнанын активдүү тарапкери катарында, ал 1897-ж. «Рамакришнанын миссиясы» деп аталган диний-реформатордук коомду уюштуруп, аны Индияда динди жандандыруунун борборуна айландырган. Вивекананда адамзатты «куткаруунун» жалгыз каражаты катарында коомдун, өткөндүн рухий-диний тажрыйбасына кайрылуу деп эсептеген. Ал айрыкча Индия элинин улуттук үрп-адатына, салт-санаасына чоң маани берген.

Вивекананда индиузмдин философиялык негизи болуп веданта деп эсептеп, аны Европалык философияга жакындаштырууга аракеттенген. Азыркы коом, Вивекананданын ою боюнча – «вайшьевдин» өкүмчүлүгү, ал эми келечеги болсо «шудранын өкүмчүлүгү» болуп, сословиелерди элдештирүүсүн үгүттөгөн


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]