Виго шаары

Википедия дан
Виго.

Виго шаары - Испаниянын Түндүк-батышындагы шаар. Галисия автономия облусунда. Калкы 294,5 миң (2006). Өлкөдө шаар калкынын жылдык өсүшү боюнча 1-орунда. Виго дарыясынын боюнда жайгашкан. Атлантика океанынын Виго бухтасындагы деңиз порту (жылына 25 млн т. жүк, 1,2 млн жүргүнчү ташылат; 2 миңден ашык деңиз кемелерин тейлейт). Б. з. ч. 2-кылымда римдиктер Викус деңиз порту катары негиздеген. Шаар катары 1097-жылдан эскерилет. Чиркөө (12-к.), Сан-Себастьян чеби (1656) ж. б. сакталган. Океанография борбору, университет, заманбап искусство (MARCO, 2002), деңиз, этнографиялык (1998) музейлери, зоопарк бар. Испаниянын башкы балык кармоочу порту (600 миң т; 2004). Европа шериктештиги өлкөлөрүндө «Citroёn-Peugeot» автомобиль компаниясынын автомобилдерин чыгаруу боюнча 2-орунда (2004-ж. 459 миң; 90%ке жакыны сыртка чыгарылат). Тамак-аш (балык консервалары), металл иштетүү өнөр жайлары иштейт. Кеме куруу верфи бар. Шаарга жакын б. з. ч. 3 миң 1,8 миң жыл мурунку мегалит эстеликтери бар. Гранит казылып алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]