Мазмунга өтүү

Видугирас Альгимантас-Станисловас Стасевич

Википедия дан

Видугирас Альгимантас-Станисловас Стасевич - (21.6.1936-ж. туулган, Литва ССРи, Каунас) кинорежиссёр, Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер (1974), Кыргыз CCP эл артисти (1983). Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун (ВГИК) бүтүргөн (1962). Чыгармачылык иштери «Кыргызфильм» студиясы менен байланыштуу. Анын «Кумдагы сепилдер» фильми (1968) Орто Азия жана Казакстан кинематографисттеринин кароосунда 1-даражадагы дипломго (Фрунзе, 1968), кыска метраждуу фильмдердин эл аралык фестивалынын сыйлыгы (Тампер, 1970) ж. б. татыктуу болгон. Токтогул ГЭСинин курулушу жөнүндө «Нарын күндөлүгү» даректүү фильми (1971) 3 эл аралык кинофестивалда Гран-при сыйлыгы татыган (Франция, 1974). «Көз айнекчен» түстүү көркөм телефильми (1973), «Бул кырсык эмес» (1970), «Адам, Дөңгөлөк жана Чынар» (1975), «Тынчы жок күн жылы» (1977) ж. б. фильмдери белгилүү.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]